Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Ош облусунун Араван райондорунда быйыл 148 бала жайкы лагерде эс алышты. Маалыматты Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Араван районунда көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 110 бала “Чарбак” ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышты. Мындан сырткары райондогу 25 бала швециялык фирмалардын биринин каржылоосу менен лагерде болушту. Ал эми Ак-Суу району боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жалпы 13 бала эс алды.