Италиянын "Ювентус" клубунун чабуулчусу 35 жаштагы Криштиану Роналду жубайы испаниялык модель Жоржина Родригеске айына 96 миң евро коротот. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Роналду бул акчаны аялына балдарды карап үйдө отургандыгы үчүн берет. 26 жаштагы испаниялык модель бул акчаны өзүнө гана эмес, Роналду экөө тарбиялап жаткан 4 баласына да коротот. Жоржина Родригес үйдө отурганы менен өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу да акча табат. Жоржина Родригес Инстаграмдан бир жарнамалык жарыя үчүн орточо эсеп менен 8 миң евродон ашык каражат алат.