Бишкек шаарында кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтына жарыяланды.
Бул турнир 1-2-март күндөрү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Мелдешке өлкөбүздүн бардык региондорунан балбандар келип, 7 салмак категорияда (55, 60, 66, 74, 84, 96 килограмм жана 96 килограммдан жогору) күч сынашышат. Мелдештин жыйынтыгы боюнча чемпиондор жана байге ээлери аркылуу Кыргыз курама командасы түптөлөт. Аталган мелдеш Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата тандап алуу болуп эсептелет. Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулат.