АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында "Playboy" журналынын мурунку модели Ами Харвини өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
15-февраль күнү Ами Харвинин кошуналары анын үйүнөн чыккан кыйкырык, чууну угуп, полиция кызматын чакырышкан. Чакырууга келген кайгуул кызматы моделди 3 кабаттуу үйдүн жанында эс-учун жоготкон абалда табышкан. Жабырлануучуну оор жаракаты менен ооруканага жеткиришкен, бирок ал өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Иликтөөчүлөр "Playboy" журналынын мурунку моделинин эшиги бузулганын жана үйүндө кыйноонун издери болгонун аныкташкан. Моделдин өлүмүнө мурунку сүйүктүүсү - 41 жаштагы Гарет Персхауз шектелип кармалган.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ами Харви Гаретти жакын жолотпоо үчүн сотко арыз менен кайрылып, жакында гана чектөөнүн убактысы аяктаган.