Бүгүн, 19-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Соттук отурумда күбөлөр У.Зиятова, З.Эмильбекова, А.Привалов, А.Саламов, Т.Асанкулов сурак берди.
Ишти кароого бөлүнгөн убакыт аяктагандыгына байланыштуу соттук отурум 26-февраль күнү саат 14:00 жылдырылды.