Ош облусунун Кара-Суу шаарында 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата “Кара-Суу таланттары-2013” аттуу музыкалык фестиваль болот. Иш-чарага 18 жаштан 50 жашка чейинки бардык каалоочулар катышып, ырдоо боюнча жарышат. Анда "эң мыкты форма" жана "эң мыкты аранжировка" номинацияларынын жеңүүчүлөрү да аныкталат. Кара-Суу райондук акимчилиги алдынкы орунду алгандарга баалуу белектер бериле турганын кабарлады.