Бүгүн Европадагы беделдүү мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын оюндары өтөт. Оюндар 20-февралга караган түнү Бишкек убактысы боюнча 02:00дө башталат.
Оюндардын тизмеси: "Аталанта" (Италия) - "Валенсия" (Испания), "Жузеппе Меацца" стадиону (Милан шаары, Италия). Башкы калыс: Майкл Оливер (Англия).
"Тоттенхэм" (Англия) - "Лейпциг" (Германия), "Тоттенхэм Хотспур Стэдиум" стадиону (Лондон шаары, Англия). Башкы калыс: Чакыр Жунейт (Түркия).