Англиянын Уоррингтон шаарында бою 76 сантиметр болгон 19 жаштагы кыз жашайт. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да азыр толук кандуу жашоо үчүн күрөшүп келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
19 жаштагы Жоржия Ранкин бала кезинен сөөк дисплазиясы (сөөктөрдүн, ткандардын туура эмес өсүүсү) менен жабыркап келет. 13 жашында ал оор операцияны башынан өткөрүп, жыйынтыгында майыптар арабасына отуруп калган. Ошонун кесепетинен аны мектептен окуучулар кошпой, кечелерге чакырбай, өзүнчө бөлүнүп көп шылдыңдоолорду башынан өткөргөн.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да Жоржия толук кандуу жашоого умтулуп келет. Ал Youtube`дан макияж жасоонун сырлары менен бөлүшкөн канал ачкан. Анын каналында 700 миңден ашык катталуучу бар. "Баарынан мени капалантканы, мага ылайык кийимдин табылбаганы", - деп кейийт Жоржия. Сөөктөрү катуу ооругандыктан Жоржия дайыма ооруну басаңдатуучу дары ичип жүрөт. Ал экран артында өзүн бактылуу адам катары көрсөтүп, дайыма жылмайып жүргөнү менен жашоосу азапка толгонун айтат.