Индиянын борбору Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча кыздар арасында Айсулуу Тыныбекованын атаандашы белгилүү болду.
62 килограмм салмак ченинде катышып жаткан Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондуктарында байгелүү орундарды багынтып жүргөн, күчтүү делген япониялык Юкако Каваи менен кез келет.