Орусиялык телеалпаруучу Ксения Собчактын "Абайла, Собчак!" ("Осторожно, Собчак!") берүүсүнө Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Алсу конокко келип, "Голос. Дети" берүүсүндө кызы Микелла Абрамованын жеңиши үчүн добушту сатып алганын айтты.
Алсу сынактын катышуучуларына добуш берүү учурунда ар бир абонентке 20 акылуу добуш берүүгө уруксат болгонун жана ал эки телефонунан 40 добуш бергенин айткан. "Мен долбоордун эрежесин бузган жокмун. Эреже боюнча, ар бир абонент каалаган катышуучуга 20 добуш берсе болот. Добуштар, албетте, бекер эмес. Менимче, мындай жол менен сынактын жыйынтыгын чыгаруу туура эмес. Анткени ар кимдин шарты ар кандай болот. Сынактын жыйынтыгы каржыга барып такалып жатат", - деген ырчы. Ошондой эле ал сынакка кызын катыштырып жатканда Алсунун кызы катары чыгаргысы келбегенин айткан. "Эгер Микелланын менин кызым экенин билишсе, башынан эле жеңишти сатып алат деп чыгышмак. Ошондуктан өзүм аралашкым келген эмес. Кастингге барганда да ашыкча сөз болбосун деп бала багуучумду жөнөткөм. Бирок берүүнүн продюсерлери сен чыксаң жакшы болмок деп бизди көндүрүштү. Мен аралашканыма азыркыга чейин өкүнөм", - деген ал.
Андан сырткары ырчы айым добуш берүүдөгү чоң айырмачылык мурунку сезондордо деле катталганын, Алсунун кызы болгону үчүн бул нерсе чуу жаратканын айткан.
Эске салсак, "Голос. Дети" шоу программасында Алсунун кызы Микелланын алган добушунда башкаларга салыштырмалуу чоң секирик болгондуктан анын жеңишин сатып алган деп чыгышкан. Нааразычылыктар көп болгондуктан, Биринчи канал сынактын жыйынтыгын жокко чыгарып, добуш берүүнүн жыйынтыгын атайын кызматтар текшерүүгө алышары айтылган.