Канадада 200 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 150 адам жабыркады

Кечээ, 19-февралда Канаданын Монреал Ла-Прери аймагында 200гө жакын автоунаа кагылышып, анын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 200гө жакын унаа кагышып, бир нече саат тыгында калышкан. Алардын 10у оор жүк ташуучу унаа жана жүргүнчү ташуучу автобустар менен жеңил автоунаалар болгон.

Кырсыктын кесепетинен 150 адам жабыркаса, 2 адам каза болгон, дагы 20 жарандын абалы оор экендиги айтылууда. Жабырлануучулардын көптүгүнөн улам аймактык ооруканаларда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Транспорт министри Квебек Франсуа Боннарделдин айтымында, кырсык калың жааган кардан жана катуу шамалдан улам болгон. Учурда тыгында калган унаалар чыгарылып, жол ирээтке келтирилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aituwas
2020-02-20 21:59:36
Башкаларда 200 Унаа кагышып 2 адам Олсо бизде 2 унаа кагышып 200 адам олот.кыргыздар авариядан эле кырылып калмай болдук го....
+2
murat17
2020-02-20 23:11:50
Aituwas,туура
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан