Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына Европадагы эң ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын Кубогу алып келинет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазып чыгышты.
УЕФА уюму менен "Pepsi Uzbekistan" компаниясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Ташкент шаарында Орто Азияда биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын Кубогу көрсөтүлөт. Көргөзмө 22-23-февраль күндөрү "Axelon" картингдик клубунда болот. Бул күнү күйөрмандар Кубокту кармап көрүп, сүрөткө түшө алышат.
Бул Кубоктун сырты күмүш, ал эми ичи алтын менен капталган. Жалпы салмагы 7 жарым килограмм болуп, бийиктиги 74 сантиметрди түзөт.