UFC: Валентина Шевченко 6-июнда беттешке чыгат

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко 6-июнда беттешке чыгат. Бул тууралуу UFC уюмуна таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калуу үчүн 6-июнь күнү UFC 251 турниринин алкагында шотландиялык Жоан Калдервуд менен кез келет. Бул турнир азырынча кайсы өлкөдө өтөрү чечиле элек.

Маалыматка ылайык, 9-февралда Валентина Шевченко UFC 247 турниринин алкагында америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Бул беттештен кийин АКШнын Техас штатынын көзөмөл департаменти Валентина Шевченкону дарыгерлердин чечими менен жарым жылга убактылуу мелдештерден четтеткен.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurmat8921
2020-02-20 12:40:14
Айсары кыз сары кыз бардыгына даары кыз
+8
aza84
2020-02-20 12:45:44
Алга кыргызстан сага ишенет
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан