19-февраль күнү саат 9-10дор чамасында Кашкадарья облусунун тургуну Мукаддас Мустафаева облустук прокуратуранын жанында өзүнө бензин чачып, өрт коюп жиберген. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Өрт өз убагында өчүрүлгөндүктөн, аял жабыр тарткан эмес. Аны сактап калам деген 60 жаштагы атасы күйүк алып, облустук ооруканага жеткирилген. Мукаддас мындай аракетке айласыздан барганын айтууда.
Арыздануучунун айтымында, ал 2019-жылы эжесинин үй-бүлөсү мал багып жүргөн 7 сотых каралбай калган, ээси жок жерге бир бөлмөлүү үй салат. Бирок бир нече айдан кийин кайдан-жайдан жердин ээси пайда болот. "Менин үйүм жок болгондуктан айласыз кредит алып, бир бөлмөлүү үйдү салганбыз. Күйөөм 2-топтогу майып, биздин бир балабыз бар, азыр экинчисин күтүп жатабыз. Чынында, бизде жерге ээлик кылганыбызды тастыктаган документ жок. Биз айласыздан бош турган жерге үй салып алганбыз. Жактоочунун жардамы менен биз үй салган жер жеке адамга эмес, мамлекетке тиешелүү экендигин тастыктаган документтерди чогултканбыз. Документтерди прокуратура, райондук администрацияга бергенибиз менен жергиликтүү бийлик аны карабай үйдү сүрдүртөбүз деп жатышат", - дейт кейиген аял.