АКШда көптөгөн компьютердик функциялардын ойлоп табуучусу, информатик Ларри Теслер 74 жашында каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, информатик Ларри Теслер миллиондогон персоналдык компьютер колдонуучуларынын жашоосун жеңилдеткен функцияларды киргизген. Алсак, компьютердеги "кесүү", "көчүрүү", "ордуна коюу" жана башка функцияларды иштеп чыккан. Ларри Теслер "Xerox" компаниясынын илимий кызматкери болгон. Ал 74 жашында бул дүйнө менен кош айтышты.
Ларри Теслер 1945-жылы 24-апрелде Нью-Йоркто төрөлгөн. 20 жашында Стэндфорд университетин аяктап, математика тармагында илимий даража алган. 1973-жылы "Xerox PARC" компаниясынын илимий изилдөө борборуна кошулган. 1980-жылдан тарта ал "Apple", "Amazon" жана башка ири компаниялар менен кызматташа баштаган.