6 айлык ымыркай кубаттагычта турган телефонду оозуна салам деп бир өлүмдөн калды

Бразилияда 6 айлык кыз кубаттагычка сайылган уюлдук телефонду оозуна салам деп ток уруп, эс-учун жоготкон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя 18-февраль күнү Мату-Гросу штатынын Лукас-ду-Риу-Верди аймагында болгон. 6 айлык кыз уйкусунан ойгонуп, жанындагы кубаттагычта турган телефон менен ойноп кирген. Ата-энеси ошол маалда өз иштери менен алек болуп башка бөлмөдө жүрүшкөн. Ымыркай телефонду оозуна салганда аны ток уруп, ал эс-учун жоготкон. Туугандары дароо бети күйүк алган, эс-учун жоготкон кызды медициналык пунктка жеткиришкен. Дарыгерлер кызды ток урганда дем алуу органдарына топтолуп калган шилекейге тумчугуп калышы мүмкүн деп чочулашып, тез арада атайын аппарат менен шилекейди сордуртуп алышкан. Ымыркай азыркыга чейин ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда. Ага биринчи жардамды көрсөткөн дарыгер Хелено Штробель Роза кыз аябай оор абалда келгенин жана ата-энелер мындан ары ушуга окшош жагымсыз окуя болбошу үчүн балдарга жакшы көңүл буруусун суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Paol
2020-02-21 10:15:31
Ииий козу десе батыраак сакайып кетсин.Ошондуктан жаш баладан көз албай караш керек да.
+7
sirenaaaaa
2020-02-21 10:44:32
Иии телефон деген балее болду го
+8
kelemdedin
2020-02-21 12:14:50
Кудай сактаптыр
+3
Aituwas
2020-02-21 21:48:06
Иии байкушум ай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан