Хатикону элестеткен дагы бир ит. Калининградда хаски күндө кожойкесин жумушка узатып, тосуп алат

Орусиянын Калининград шаарында легендарлуу Хатикону элестеткен хаски пайда болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Калининграддын "Мега" соода борборунун жанынан күндө көк свитерчен хаскини көрүүгө болот. Ал күн сайын 8 саат бою кожойкесин жумуштан күтүп алат. Аны көчөдөгү ит деп ойлошпосун деген максатта кожойкеси "Итти таштап кетишкен эмес. Ал кожойкесин жумуштан келишин күтүп жатат" деп кат жазып, жанына калтырып койгон.

Хаскини кожойкеси Света 4 жыл мурун багып алган. "Атасын биз жаныбарлардын баш калкалоочу жайынан алганбыз. Бир айдан кийин бул күчүктү сатып салган элек. Бирок аны саткан күнү түнү бою ыйлап чыктым. Эртеси сатып алган кожоюндары чалып, күчүк кечке улуп тынчын алып жатканын жана алып кетишибизди айтты", - деген Света.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ilgizk
2020-02-21 20:58:30
Байлап койсо ,биздин актөш деле күтөт да,күтпөй кайда бармак...
+4
zzz---zzz
2020-02-23 00:53:37
ilgizk, туура байлап коюптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан