Грета Тунбергдин аты өтө сезгенчээк болгон үлүлгө ыйгарылды

Брунейде окумуштуулар тарабынан табылган үлүлдүн жаңы түрүнө швециялык экоактивист Грета Тунбергдин аты ыйгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Бруней, Нидерланды, Малайзия, Италия жана Франциянын изилдөөчүлөрү Брунейдин аймагынан циклофорид түркүмүнө кирген үлүлдүн жаңы түрүн табышкан. Окумуштуулардын айтымында, үлүлдүн бул түрү кургакчылыкка, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана токойлордун кыйрашына өтө сезгенчээк келет. Бул үлүл климаттын өзгөрүшүн өтө оор кабыл алгандыктан, ага швециялык экоактивист Грета Тунбергдин ысымын берүүнү чечишкен.

"Бул үлүлгө Гретанын ысымын берүү менен жаш муундун климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө болгон жоопкерчилигин, ошондой эле келечек муундун аларга жардамга келиши керектигин кабыл алып жатабыз", - деген аталган үлүлдү алгачкылардан болуп тапкан Жонатан Лим.

Грета Тунберг дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп жаткан эң жаш экоактивист. Ал 2019-жылы декабрь айында "Time" журналынын версиясы боюнча "Жыл адамы" деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
murat17
2020-02-22 01:30:30
мен ушул Гретага ийгилик каалап ушул темпте кетуусун каалайт элем
+7
Avrora2017
2020-02-23 16:28:03
murat17,kyiyn kyz soz jok
+1
allia
2020-02-22 01:58:15
Ушул кыз жагат мага
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан