Лионель Месси Чемпиондор Лигасында кайсы командалар фаворит экенин айтты

"Барселона" клубунун чабуулчусу аргентиналык 32 жаштагы Лионель Месси Чемпиондор Лигасында кайсы командалар фаворит экенин айтты. Бул тууралуу футболчу испаниялык "Mundo Deportivo" гезитине берген маегинде билдирген.

"Бардык каршылаш командалар жөнөкөй эмес. "ПСЖ" клубу Дортмундка келип утулушту. "Ливерпуль" командасы дагы конокто "Атлетико" командасына утулду. "ПСЖ", "Ливерпуль", "Ювентус" жана "Реал Мадрид" бүгүнкү күндөгү эң күчтүү командалар жана Чемпиондор Лигасынын фавориттери", - деп билдирген футболчу.

Маалыматка ылайык, Лионель Мессинин командасы "Барселона" Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында Италиянын "Наполи" командасы менен кез келет. Бул эки команданын биринчи оюну 26-февралда Неаполь шаарында болсо, жооптук беттеши 19-март күнү Барселона шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mambetali
2020-02-21 15:30:01
Барселона Фаворит эмес экенда а Месси учун...
-4
murat17
2020-02-21 15:48:19
фаворит Бавария Ювентус Дортмунд Мансити
-2
Kyrgyz40
2020-02-21 16:57:57
Жолу ачык команда утуп кетет, менин оюмча быйыл Манчестер сити алат
-2
Amantur_akjol
2020-02-22 00:46:38
Боруссия деле оной команда эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан