Жактоочу: "Сот Кулматовго 2 жылдан бери көрүшө элек ата-энеси менен жолугуп келүүгө уруксат берген жок"

Экс-мэр Кубанычбек Кулматовго Москвадагы ата-энесине жолугуп келүү боюнча жактоочулардын келтирген өтүнмөсүнөн баш тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Сергей Слесарёв билдирди.

Айтымында, Кулматов 90 жашка жакындап калган ата-энесин 2 жылдан бери көрө элек.

“Менин жакталуучумдун ата-энеси Москва шаарында жашайт. Анын апасы жакында эле жандандыруу бөлүмүнөн чыккан экен. Ошондуктан соттон кийинки отурумга чейин барып, учурашып келүүсүн өтүнгөнбүз. Тилекке каршы, сот бул өтүнмөнү аткаруудан баш тартты. Ага эч кандай негиз келтирген жок”, - дейт Слесарёв.

Бүгүн, 21-февралда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралып жатат.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунун чечими менен Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулган. Учурда Кулматов үй камагында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан