Кыргыз-тажик чек арасындагы “Сары-Таш” өткөрүү бекетинде аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалды. Чек ара кызматы билдиргендей, ал жаран 21-августта тиешелүү документтери жок дүрбү, бычак жана башка аскердик буюмдарды Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган. Документтер толтурулган соң кармалган киши милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Ушул эле күнү кыргыз-тажик чек арасындагы “Карабак” чек ара бекетинде Кыргызстандан Тажикстанга 25 тонна цемент алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалып, тиешелүү документтер толтурулган соң жүк жана кармалган жаран Бажы кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.