Маданият министрлиги тарабынан балдар үчүн мыкты обондордун республикалык сынагы жарыяланды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан балдар үчүн тарбиялык мааниси урунттуу чыгармаларды жаратуу жана бала бакчалардын, музыкалык жана орто мектептердин музыкага тарбиялоо багытында репертуарын байытуу максатында мыкты обондордун республикалык сынагын жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак эки номинация менен өтөт. Биринчи жеке аткаруудагы ыр же хор менен ата мекенди, элди, жерди даңктоо. Эинчиси унутта калып бара жаткан улуттук балдар оюндарын ыр, хор аркылуу жандандырууну көздөө. Сынактын милдети композиторлордун, обончулардын балдар үчүн чыгармаларды жаратуусуна түрткү берүү жана заманбап композитордук ыкмаларды колдонуу менен балдарды уга жана түшүнө билүүгө тарбиялоону көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан