Ош шаарындагы ат майданда 22-23-февраль күндөрү өткөн облустар аралык ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган көк бөрү боюнча мелдеште Талас облусу биринчиликти алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков билдирди.
"Бул мелдеш облустар аралык ынтымакты бекемдөө максатында 2018-жылдан баштап уюштурулуп келет. Бул мелдешке Ош облусунан төрт команда, Талас облусунан төрт команда болуп, жалпы сегиз команда катышты. Байгенин жалпы суммасы 1 миллион сом болду. Биринчи орунду "Талас" командасы алып 300 миң сом сыйлыкка ээ болсо, экинчи орунду "Кара-Буура" командасы алып 200 миң сом утуп алды. Ал эми үчүнчү орунга "Бакай-Ата" командасы татып 100 миң сом акчалай сыйлыктын ээси болду. Калган командаларга 20 миң сомдон бөлүнүп берилди", - деп билдирди.
"Ош-Талас ынтымагы" көк бөрү мелдешине катышкан 8 команда:
1. "Талас" командасы (Талас облусу);
2. "Өзгөн" командасы (Ош облусу);
3. "Бакай-Ата" командасы (Талас облусу);
4. "Кара-Суу" командасы (Ош облусу);
5. "Манас" командасы (Талас облусу);
6. "Салам-Алик" командасы (Ош облусу);
7. "Кара-Буура" командасы (Талас облусу);
8. "Ноокат" командасы (Ош облусу).