Кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд” компаниясынын жетекчиси “Кумтөр” ишканасы боюнча биргелешкен ишкана курууну сүйлөшүштү. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Талды-Булак Левобережный" алтын кенине болгон иш сапары учурунда билдирди. Айтымында, бүгүн “Центерранын” жетекчиси Ян Аткинсон менен сүйлөшүүлөр жүргүздү. “Кумтөрдүн” 50 пайызы Кыргызстанга, 50 пайызы канадалык компанияга тиешелүү болсун жана ишкананын директорлор кеңешин Кыргызстандын өкүлү башкармакчы”,- деди Сатыбалдиев.