ЖЭБ соту: Отурумда Кыргыз өкмөтүнүн Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө жөнөткөн каты окулду

Бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда. Отурумда иштин материалдарын иликтөө процесси жүрүүдө.

Судья Ирина Воронцова иштин 20-томундагы материалды окуду.

Анда 2013-жылы Кыргыз өкмөтүнүн Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө жолдогон каты окулду. Каттын кыскача мазмунунда "Кыргыз өкмөтү Кытай жетекчилигин энергетика тармагындагы реформаларды колдоп жатканына ыраазычылык билдирет. Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн Кытайдын "Эксим Банкынын" насыя берүү боюнча шарттарын жеңилдетип берүүнү суранат. Кыргыз өкмөтү бул маселе оң жагынан чечилет деген үмүтүн билдирет", - деп айтылган.

Иштин 24-томунда кытай тараптан келген нота каттары окулду. Катта "ТВЕА" ЖЭБди жаңылоону ишке ашыруучу жападан-жалгыз компания экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2020-02-24 16:25:33
Кытайдан келген акчаны чөнтөгүнө салгандар чыгаргыла.
+5
Absamat-90
2020-02-24 16:42:05
Офшорго кантип котордунар акчаларды ошондон кеп козголуп.
+2
chake
2020-02-24 16:53:21
бул жерде кытайда сөз жок сөз өзүбүздүн жегичтерде болуп жатат, 111 млн долларды кымырган АША менен Сапарды бүгүн 89 баланын арбагы уруп түрмөдө отурат
+3
Adil18
2020-02-24 17:07:36
Алмазбек Атамбаевге олкону башкарып турганда кредиттер алынган.Максатсыз пайдаланылган.Эми алган кредиттерди толотуу керек.
Атамбаев командасы менен толоого милдеттуу.
Жакшы жетекчи келбей жатат.Келсе апрель,май (банк кутучалары),июнь окуялары,тарых музейи,жаны салынып жаткан жолдор,турмодон качуу операциясы,бажы тармагындагы коррупция,айтор жетекчилердин баары жазаланып олко казынасына миллиарддаган долларлар тушот эле.
+5
Store
2020-02-24 17:59:32
Аша баарына жооп бергенге даярмын, деп алып жооп берүүгө келгенде аялдардын артына жашынып, Кой-таштын тоз-тополоңун чыгардыго чиркин))). Эми жооп берсин чимкиригин тартып коюп))).
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан