Өмүрбек Текебаев: "УКМКнын бизге каршы көрсөтмө бердиргиси келген күбөсү 100 пайыз биздин пайдабызга сүйлөдү"

Бүгүн, 24-февралда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланды.

Отурумда иштин жагдайлары үчүн маанилүү болгон эки күбөнүн Руслан Оңолбеков менен Илья Чёрныйдын көрсөтмөлөрү окулганын SUPER.KG порталына Өмүрбек Текебаев билдирди. Саясатчынын айтуусунда, күбөлөрдүн бири Оңолбеков убагында "Мегакомду" Максим Бакиевдин тартып алуусунда чоң роль ойногон.

"Алар подставной фирмаларды жетектеп келген. Андыктан Руслан Оңолбековго ал маселе боюнча 2010-жылы иш козголгон. УКМК ушул иштен пайдаланып, андан бизге каршы көрсөтмө алууга аракет кылган. Бирок Оңолбеков иш жүзүндө биздин пайдабызга көрсөтмө берди. Башкача айтканда, бизге каршы эч кандай далил келтире алган эмес, айтуусунда биз жөнүндө "гезиттен уккам, сыналгыдан көргөм, бирөөдөн уккам" деп эч нерсени тастыктай албастыгын билдирген", - дейт Текебаев.

Саясатчы бул күбөнүн көрсөтмөсү өткөн процесстерде эске алынбаганын айтат. "Күбөнүн көрсөтмөсүнө карабастан, Оңолбеков Текебаевге каршы көрсөтмө берген деп бизди соттогон", - дейт ал.

Отурумда ошол кездеги Мамлекеттик мүлк министрлигинин бөлүм башчысы Илья Чёрныйдын көрсөтмөсү окулган. Текебаевдин айтымында, экинчи күбө дагы 100 пайыз алардын пайдасына көрсөтмө берген.

"Илья Чёрный "Мегаком 49 пайыз улутташтырылган. Улутташтыруу боюнча №44 декретке бизге Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан тапшырма берилген. Тез аранын ичинде акционердик жыйналышты чакырып, уставга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, директорлор кеңешин түзүп, улутташтырылган мүлктөрдү мамлекеттин карамагына алгыла деген тапшырма берилген. Мен ошол декретти аткаруу үчүн бир нече жолу акционерлер жыйналышын чакырганга аракет кылдым. Бирок чакыруу мүмкүн болбоду. Мен жасаган иштердин баары декретти аткаруу үчүн мамлекеттин кызыкчылыгында болгон" деген", - дейт саясатчы.

Бул күбөлөр сот процесстерине эмнеге келбей жатат? деген сурообузга Текебаев төмөндөгүдөй жооп берди.

"Күбөлөрдүн кээ бирлери саясий кырдаал өзгөрүп кетти деп баш тартса, айрымдары чет өлкөдө, анын ичинде Чёрный дагы чет өлкөдө экен. Биз алардын көрсөтмөлөрүн окуганга мажбур болдук, анткени Абдрахманов менен Базаркуловдордун айткандары жалган экенин тастыктаганыбыздын далилдери бар", - дейт Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jelezo
2020-02-24 20:02:15
Азаматсыз сиздей чындыкты бетке айткан адамдар азыр жокко эсе.
+2
Bekturbek
2020-02-24 21:16:49
Jelezo, Сооронбай Жээнбековдун Иштегенинин белгиси да булда, Атамбаев президент болуп турганда отурмак зонада.
+1
kanayym.92
2020-02-24 22:34:58
Эмнегедир бийликти жамандасам эле элге жагам деген нерсени ушул саясатчылар мыкты оздоштургон.
+2
Jaznura
2020-02-24 22:32:24
Текебаев анык саясий проститутка.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан