Малайзиянын премьер-министри 94 жашында отставкага кетти

Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад 94 жашында отставкага кетти. Мындай маалыматты өкмөттүн администрациясынан билдиришти деп жазышат батыш басылмалары.

Маалым болгондой, Махатхир Мохамад лидерлик кылган Малайзия жеринин уулдарынын бириккен партиясы өкмөттүн "Үмүт альянсы" коалициясынан чыккан.

Алдын ала маалыматка ылайык, премьер-министр кызматына вице-премьер-министр Ван Азиза Ван Исмаил келиши мүмкүн экендиги айтылууда.

Махатхир Мохамад 2018-жылы премьер-министрлик кызматка келген.

Малайзияны гүлдөткөн, 50 жылдан ашуун саясатта жүргөн Махатхир Мохамаддын таржымалын окугуңуз келсе, анда ушул шилтемени басып өтүңүз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
talaa11
2020-02-25 09:32:04
Дагы чыдап бир отоло Жузго чейин иштеп койбоптурда Аксакал Лидер болуп
0
ruslan868600
2020-02-25 10:47:47
биздин чоңдор укпасын,ансыз деле бүт аксакалдар отурат
0
kairhai
2020-02-25 11:30:24
Бекназаров барып кетирген го
+1
keku00
2020-02-25 13:26:58
Бул аксакал темир киши болчу. Мурдагы премьер, министрлерди, комиссарларды, генералдарды каматкан киши. Мурда иштеп кеткен. 2018 эл суранып жатып алып келишкен болчу. Мыногундай элди улуу эл десе болот.
0
Shabi
2020-02-25 15:17:05
93жаштагы адамдай корунбойт го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан