Азия чемпиону Арсалан Будажапов: "Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдешке катышып чемпион болгонума сыймыктанам"

Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышкан балбандар бүгүн, 24-февралда мекенибизге кайтып келди. Эркин күрөш боюнча 79 килограммга чейинкилер арасында Азия чемпиону болгон Арсалан Будажапов олимпиадага жолдомо утаарына ишенээрин, жеңиши кыргыз элине арналарын айтты.

"Бул Азия чемпиондугунда эң күчтүү атаандашым финалда күрөшкөн индус балбаны болду. Мен жеңишимди бүткүл кыргыз элине жана таенеме арнайм. Ал киши Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери. Менин апам кыргыз, атам болсо бурят улутунан. Мен апамдын өлкөсүнүн атынан эл аралык мелдешке катышып жатканыма сыймыктанам. Бишкекте өтчү олимпиада оюндарына тандап алуу турнирине мындан дагы жакшы даярданып, лицензия утканга болгон күчүмдү жумшайм. Баарыңыздарга колдоп келгениңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем", - деди ал.

Арсалан Будажапов 79 килограммга чейинкилер арасында Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча алтын байгеге ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Eden-Hazard
2020-02-24 22:36:03
Патриот
+1
oscar
2020-02-25 00:14:18
Жээн эл болот тарбиясы жакшы болсо
0
Aidar.001
2020-02-25 02:32:04
Молодец жээним
0
PROS
2020-02-25 16:25:08
Манас эпосунда бурят эмес бурут деп эле айтылат го, башка сөздөрдү тимеле окшошсо окшошпосо кыргызчага которуп кыйналасыңар, а бурут дегенди орусча бойдон калтырыпсыңар го)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан