Дүйнө жүзүндө эң кары адам катары эсептелген Япониянын 112 жаштагы тургуну көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Япониялык эң узак жашаган Титэцу Ватанабэ 23-февраль күнү көз жумган. Аны февраль айынын башында гана Жер шарындагы эң узак жашаган адам катары расмий кабыл алышкан.
Эске салсак, эң кары адам катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген Ватанабэ өмүрүнүн акыркы күндөрүн карылар үйүндө өткөргөн. Ага жакында гана дүйнөдөгү эң кары адам экендигин тастыктаган күбөлүк тапшырылган.