Орусиянын Пермь аймагында фельдшерлер носилкасы жок, адамды асфальт менен сүйрөп барып унаага салышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары "Тез жардамдын" кызматкерлери мас кишини асфальт менен сүйрөп барышканын жазышкан. Ага ылайык, чакыруу түшкөн жерге дарыгерлер келгенде эркек киши имараттын кырына жөлөнүп жаткан. "Тез жардамдын" кызматкерлеринин бири аны тур, өзүң бас деп буйрук кылган. Бирок ал киши тура албай койгон. Мындан кийин дарыгерлер ал кишини асфальт менен сүйрөп жөнөшкөн.
"Бейтапка карата мындай мамилени көргөн адамдар нааразы болушкан. Фельдшерлердин бири: "Носилка бейтаптар үчүн, ал эми бул адамдын кийими бүт ылай экен. Кийин силерди ушул носилкага кантип салабыз", - деп жооп берген. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык бөлүмү бул боюнча текшерүү иштери башталгандыгын билдирген. Мас болуп калган адам да бейтап болуп эсептелинет. Ошондой эле адамдан чыккан жыт дайыма эле анын мас экенин билдирбейт, кээде ар кандай оорулар өтүшүп кеткенде да ошондой жыт чыгышы мүмкүн дешкен Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык бөлүмүнөн", - деп жазылат маалыматта.