Валентина Шевченко UFC'деги кийинки беттешин 6-июнь күнү Австралияны Перт шаарында өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтына жарыяланды.
Валентина Шевченконун кийинки атаандашы шотландиялык Жоан Калдервуд болот. Бул эки мушкер айымдын беттеши Перт шаарында UFC 251 турниринин алкагында өтөт.
Эске салсак, 9-февралда Валентина Шевченко UFC 247 турниринин алкагында америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Бул беттештен кийин АКШнын Техас штатынын көзөмөл департаменти Валентина Шевченкону дарыгерлердин чечими менен жарым жылга убактылуу мелдештерден четтеткен.