АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунун плей-офф баскычындагы "Худжанд" (Тажикстан) - "Нефтчи" командаларынын жооптук беттешин иорданиялык калыстар тейлейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Бул жооптук беттештеги башкы калыстык милдетти Ахмед Файсал Мохаммад Аль-Али аткарса, ага жардамчы болуп Махмуд Тхахер Мохаммад Абу-Тхахер жана Абед Аль-Рохман Наджи Мохамд Акел дайындалды. Ал эми резервдеги калыс болуп Мохаммад Хасан Махмуд Арафа дайындалды.
Бул эки команданын биринчи оюну 19-февралда Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда өтүп, 1:0 эсебинде "Нефтчи" командасынын жеңиши менен аяктаган.
Плей-офф. Жооптук беттеш:
26-февраль (шаршемби)
«Худжанд» – «Нефтчи»
Башкы калыс: Ахмед Файсал Мохаммад Аль-Али (Иордания);
Ассистенттер: Махмуд Тхахер Мохаммад Абу-Тхахер, Абед Аль-Рохман Наджи Мохамд Акел (экөө тең Иордания);
Резервдик калыс: Мохаммад Хасан Махмуд Арафа (Иордания).
Дүйшөмбү шаары, Борбордук республикалык стадион.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.