Ырчы, композитор Эркин Мукашев легендарлуу "Земля в иллюминаторе" ырынын аткаруучулары "Земляне" тобуна ыр жазып берүүдө. Орусиялык ырчылар менен иштешүүсү тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Учурда "Земляне" тобу менен иштешип жатам. Алар менин ырларымды угуп, орусиялык досум, "Ласковый май" тобунун солисти Андрей Гуров аркылуу мага байланышка чыгып, ыр жазып берүүмдү суранышты. Жарым жылдан бери "Земляне" тобунун солисти Андрей Храмов менен байланышып, кабарлашып турам. Буюрса, 1 айдан кийин Москвага кетем. Ал жакта "Маленький принц" тобунун солисти Александр Хлопков да мени күтүп жатат. Аларга "Дождь" аттуу ырымды бергем. Ошонун аранжировкасын бүтүрүп беришим керек", - дейт музыкант. Ошондой эле Эркин Мукашев учурда казак ырчысы Кайрат Нуртаска да ыр жазып, иштешип жатканын билдирди.