Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинен өтүп жаткандарга айыптоо актыларын тапшырганын КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталына Кой-Таш элинин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Жаманкул Жунусов төмөндөгүдөй оюн билдирди.
"Айыптоо актысы келип түшкөндө үч күндүн ичинде алдын ала уктурууларга өтүнмө келтиребиз. Анда биринчилерден болуп айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө маселе коюлат. Андан кийин иш боюнча суракка алына элек күбөлөрдүн келип, көрсөтмө берүүсүн өтүнмө кылабыз. Алсак, окуяга түздөн-түз тиешеси бар Опумпаев, Кашкар Жунушалиев күбө катары көрсөтмө бериши керек. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду дагы күбө катары чакырууга укугубуз бар. Себеби Опумбаев, Жунушалиев өздөрү мамлекет башчы иштин жагдайларын билчү, ал жетектеген деп айтышкан да", - дейт жактоочу.