Футбол боюнча Кыргыз жаштар курама командасынын футболчусу Эмир Шигайбаев Беларустун Жогорку Лигасында ойнойт. Ал “Неман” клубу менен 2022-жылдын аягына чейин келишимге кол койду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Жарым коргоочу Эмир Шигайбаев канттык “Абдыш-Ата” клубунун тарбиялануучусу, Кыргыз Премьер-Лигасында “Кара-Балта” футболдук клубунда ойногон. Шигайбаев бир жылдан ашык түркиялык “Антальяспор” клубунда ойноп келген. Кыргыз өлкөсүнүн өспүрүм жана жаштар курама командасында 12 жашынан баштап ойноп келет.
Буга чейин "Неман" клубунда 2019-жылдын мыкты футболчусу болуп табылган Гүлжигит Алыкулов ойноп келген. Ал жаңы сезондо казакстандык "Кайрат" клубуна өткөн.