Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак 91 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматта жазылгандай, Хосни Мубарак ооруканадан көз жумган. Ага бир канча күн мурун операция жасалгандыгы айтылат.
Хосни Мубарак 1981-жылдан 2011-жылга чейин өлкө башчысы болуп келген. 2011-жылы гана "Араб жазы" аттуу каршылык акциясы учурунда ал бийликтен кулатылган. Хосни Мубаракка "Араб жазы" аттуу каршылык акциясына чыккан жүздөгөн жарандарды атууга буйрук берген деген айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок 2017-жылы акталып чыккан.
Акыркы маалыматтарда анын ден соолугу начарлап, ооруп жүргөндүгү айтылган.