Египетти дээрлик 30 жыл башкарган мурдагы президент Хосни Мубарак 91 жаш курагында каза болгондугу маалымдалган. Буга байланыштуу өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.
"Өлкө боюнча жарыяланып жаткан аза күтүү 26-февралда башталып, 3 күнгө созулат", - деп билдирген президенттин администрациясынан.
Маркумдун сөөгүн жерге берүү иш-чарасы шаршемби күнү бешим намазынан кийин орун алары айтылат маалыматта.
Хосни Мубарак ооруканадан көз жумган. Ага бир канча күн мурун операция жасалгандыгы кабарланган.