Бүгүн, 26-февралда Бишкек шаардык сотунда саат 09:30га белгиленген ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттанууларын кароо процесси жылдырылды. Буга мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ден соолугунун начарлашы себеп болгонун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
"Сапар Исаковдун кан басымы 140/90 болуп көтөрүлүп кетиптир. Мындан тышкары башы тегеренип, жүрөгү айланып, өзүн жаман сезип жатканын айтты. Дене табы дагы көтөрүлүптүр. Буга байланыштуу судья Ирина Воронцова отурумду бүгүн саат 14:00гө чейин жылдырды. Бирок Исаков процесске келе албайт", - дейт жактоочу.
Окуянын чоо-жайы:
2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген.
"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.
Мындай чечимге макул болбогон жактоочулар шаардык сотко апелляциялык даттанууларын жиберишкен.
Учурдагы соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев.