Оштун "Алай" футболдук клубу 25 жаштагы украиналык коргоочу Кирилл Процишин менен келишим түздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Алай" футболдук клубунун басма сөз кызматкери Марат уулу Нуристан билдирди.
"Кирилл Процишин 1995-жылы төрөлгөн. Анын акыркы ойногон командалары Крымдын "Кызылташ" жана Жаңы Каховканын "Энергия" клубдары болгон. Кирилл кечээги Грузиянын Суперкубогун уткан "Сабуртало" командасы менен болгон жолдоштук беттеште атаандаштардын дарбазасына гол киргизгенге жетишти. "Алай" клубунда Кирилл Процишин 6-номурда ойнойт", - деп билдирди басма сөз катчы.
Маалыматка ылайык, "Алай" футболдук клубу учурда жаңы сезонго карата Түркиянын Анталия шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өтүп жүрөт.