22-августта Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңештин депутатынын унаасындагы жүргүнчүдөн баңгизат табышты. Кызматкерлер "Солнечный берег" пансионатынын аймагынан ВАЗ 21099 унаасын текшерүүгө алышканда жүргүнчүнүн жанынан 1,8 килограмм гашиш чыкты. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Кармалган жаран 1976-жылы туулган ысык-көлдүк тургун. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп баштады.