Кечээ, 25-февралда интернет айдыңында Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун камактагы тун кызы Гүлнора Каримованын өлкөнүн азыркы президенти Шавкат Мирзийоевге жазган каты пайда болду.
Катты Гүлнора Каримованын Лондондо жашаган кызы Иман Каримова социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялаган. Анда Гүлнора Каримова президент Шавкат Мирзийоевди көп жылдан бери тааныган адамы катары кайрылган. Каримова биринчи абактан экинчи абакка которулганы, жаңы ачылган кылмыш иштери жана бул иштер Өзбекстандын Баш мыйзамы менен Жазык процессуалдык кодексин одоно бурмалоо аркылуу жүзөгө ашырылып жатканы тууралуу жазган.
Бул жазалар жана балдарын көп жылдан бери көрбөгөнү анын жанына батканынан улам Каримова өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин 686 миллион долларга сатып алууга даяр экендигин айтып, президент Мирзийоевге өтүнүч келтирген.
"Кандай айып болбосун эркиндигимди акча аркылуу алмашканга даярмын. Сумма 686 миллион АКШ долларын түзөт жана ал мамлекеттин пайдасына чегерилет", - деп жазган катында Гүлнора Каримова.
Өзбекстандын Жогорку соту Гүлнора Каримованын ишин 8-январдан тартып карай баштаганын маалымдаган. Өткөн августта Башкы прокуратура эки ишкананын мамлекетке таандык акцияларын сатып, кийин чет өлкөлүк ишкерлерге саткандыгы үчүн ага каршы кылмыш ишин козгогон.
Гүлнора Каримова былтыр мартта үй камагынын эрежелерин бузганы үчүн Ташкент облусундагы колонияга жөнөтүлгөн. 2015-жылы ага күчтөп акча өндүрүү жана салык төлөөдөн баш тартуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Каримова 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок кийин жаза мөөнөтү беш жылга кыскарган.