Володимир Зеленский шахтёрлорго айлык берилбесе, министрлер айлыксыз каларын эскертти

Украинанын президенти Володимир Зеленский министрлерин айлыксыз калтырмай болду. Буга шахтёрлордун көптөн бери айлык акы ала албай жүргөндөрү себеп болгон деп жазышат орус маалымат булактары.

Украиналык ЖМКлардын маалыматы боюнча, шахтёрлор тоо-кендерин чыгаруучу ишканалардан 2019-жылдын октябрь-ноябрь айынан бери айлыктарын күтүп жатышат. Зеленский көмүр иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп жатып, май айына чейин бардык жумушчуларга эмгек акысын төлөп берүүнү талап кылган. Айтымында, шахтёрлордун алдындагы карыз 1 миллиард гривенден ашып кеткен (болжол менен 2 миллион 857 миң 303 сом). Украина лидери эгер айтылган мөөнөткө чейин айлык акылар берилбесе, жалпы өкмөт, тагыраагы министрлер жазаланарын билдирген. Жаза катары Зеленский министрлер бир айлык эмгек акысынан кол жуушарын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-02-26 22:44:33
Азамат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан