Тажикстанда лөлүлөр жана цыгандар парламенттик шайлоого катышууга чакыруу алышты

Тажикстандын Варзоб районундагы Шодоб-1 айылында жашаган лөлүлөр жана цыгандар парламенттик шайлоого катышууга чакыруу алышты. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышат.

Жергиликтүү тургундар чакыруу алганы менен бир дагы талапкерди тааныбай тургандарын айтышкан.

“Аталган айылда 200гө жакын үй-бүлө жашайт. Ал жакта лөлүлөр менен цыгандар жашап, бул кыштакта жумушсуздук күч алып, жолдор начар жана таштанды маселеси курч экенин билдиришкен. Бирок алардын айылына шайлоого катышып жаткан талапкерлер келе элек экени белгилүү. Жашоочулар айылдагы социалдык көйгөйлөр тууралуу элдин үнүн бийликке жеткирүү үчүн депутат болом дегендерди күтүп жатышканын айтышат. Ошондой эле тургундардын саясий партиялар боюнча дагы маалыматы жок”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Тажикстанга лөлүлөр 1970-жылдын башында эле отурукташа башташкан. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму лөлүлөрдүн социалдык абалын жакшыртуу үчүн өзүнчө программа иштелип чыкпаганы үчүн тажик бийлигин сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rysik79
2020-02-26 20:25:21
биздин койлорду да балээ басып лолулорго лапша илбесе болду.
+9
Jelezo
2020-02-26 20:35:58
Лөлүлөр деле тажик болушат.
+8
gute
2020-02-26 20:39:24
Лолу, дунган, уйгурлар баарын ошол жака мажбурлап кочуруп салыш керек !
+3
Aimani
2020-02-27 00:09:24
Лолу менен цыгандын айырмасы барбы?
0
gulya583
2020-02-27 04:40:39
Менимче лолу цыгандар бир эле, тубу барып Молдаван же Индия дешет, аны билбейм. Буларда бала жаны торолгондо эле, айылындагы оздору сыйлаган молдогобу же бакшыгабы корсотушот баланы. Алар баланы карап корушуп артист болот же ырчы болот же козу ачык шарлатан болот деп, устазы ушул болот, баланы ошого бер дешип, кичинесинен ошол кесипке уйротушот экен. Кээ бирин гана колунан эч нерсе келбейт, дубаналыкты уйрот дешип, кайыр садага сураганга даярдашат. Ошентип колунан иш келгендери ырчы чоорчу,
+1
gulya583
2020-02-27 04:43:08
Ырчы чоорчу, козу ачыктары цыган болуп айтылып, дубаналары лолу деп айтылат экен. Бирок билбейм, укканымы жаздым. Ката айткан болсом кечирим сурайм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан