Индияда үйлөнүү үлпөт тойго конокторду алып бара жаткан автобус дарыяга кулап, 24 киши каза болду. Бул тууралуу индиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, кырсык бүгүн, 26-февралда Индиянын Ражастхан штатына караштуу Кота шаарында орун алган. Анда 29 жүргүнчүсү бар автобустун дөңгөлөгүнүн алкагы чыгып кетип, айдоочу унааны башкара албай калган. Натыйжада автобус Мей дарыясына кулап түшкөн. Анын кесепетинен 24 адам каза болду. Алардын арасында 3 жаш бала жана 10 аял бар. Ал эми аман калган 5 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Алардын баары тойдун коноктору болгондугу айтылат.
Ражастхан штатынын премьер-министри Ашок Гехлот каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандарга тез сакайып кетишин каалады.