Чыгыш Казакстанда ооруп жаткан 4 айлык наристени алып кетүүгө бараткан учак кулады

Казакстандын Өскемен шаарына (Усть-Каменогорск) жакын Прапорщиково айылында Ан-2 үлгүсүндөгү учак кулады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.

Маалыматта бортто беш адам болгону айтылат. Алар Аксуат айылында пневмония менен ооруп жаткан 4 айлык наристени облустук ооруканага жеткирүү үчүн келе жатышкан.

"Учактын кыймылдаткычы абада күйө баштаганын байкаган учкуч, кайрадан аба майданга кайтууга мажбур болгон. Бирок ал жакка жетпей учакты турак үйлөрдөн алыс жайгашкан талаага кондурган. Учак конгондо оодарылып кеткен. Бактыга жараша учкуч жана дарыгерлер жеңил жаракат алышкандыктан, учактан өз алдынча чыгышкан. Учкуч сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган, калган төрт жүргүнчүнүн жарааты жеңил болгондуктан үйүнө жиберилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mamatkerim1968
2020-02-27 10:48:51
Кудайым өзү сактаптыр.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан