Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндун жыйынтыктары

Бүгүн, 27-февраль күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын оюндары болуп өттү.

Франциянын "Лион" командасы өз үйүндө италиялык "Ювентус" клубун кабыл алды. Беттеш 1:0 эсеби менен үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. "Ювентус" командасы канчалык мыкты оюн көрсөтпөсүн, эсеп санын ача алышкан жок. Бул эки команданын жооптук беттеши 18-март күнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Италиянын Турин шаарындагы "Альянц Стадиум" стадионунда өтөт.

"Лион" - "Ювентус" 1:0;

Голдор: Люка Тузар (31-мүнөттө).

Испаниянын "Реал Мадрид" клубу өз талаасында англиялык "Манчестер Сити" клубун кабыл алды. Эки команда тең бирдей мыкты оюн көрсөтүп, 1:2 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктады. Бул эки команданын жооптук беттеши 18-март күнү саат 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) Англиянын Манчестер шаарындагы "Этихад" стадионунда өтөт.

"Реал Мадрид" - "Манчестер Сити" 1:2;

Голдор: Иско (60-мүнөттө), Габриэль Жезус (78-мүнөттө), Кевин Де Брёйне (83-мүнөттө).

Чемпиондор Лигасы 1/8 финал. "Реал Мадрид" - "Манчестер Сити"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kyrgyz40
2020-02-27 11:15:31
Манчестер сити ири эсепте утуусу мумкун эле, Реалды аяды
-2
murat17
2020-02-27 16:48:39
Kyrgyz40,эсеп счет оюнга ылайыктуу эле болду Мансити чабуулда ото грамотно ойнойт экен керек болсо Неймар Мбаппеси бар ПСЖдан кобуроок жакшы ойнойт экен кооз оюн болду жана татыктуу жениш
+1
Brilant-zhylan
2020-02-27 12:00:42
Падышамын деген реал оз уйундо ээхх
-4
Brilant-zhylan
2020-02-27 12:01:45
Кучтууну кучтуу женет деген ушул да
+4
Taku.14.02
2020-02-27 18:18:00
жооптук беттеш барго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан