"Ар бирибиз мусулманбыз, сүрөткө тартпачы, байке" деген 1-класстын окуучусунун видеосу талкууга түштү (видео)

"Байке, телефонго тартпагыла, бул жакта баарыбыз мусулманбыз" деген биринчи класстын окуучусу социалдык тармактын колдонуучуларын күлкүгө салып, талкууга түштү.

Видеодо окуучу балдар чогулуп, лимонад суусундугун ичип жатканын көрүүгө болот. Тартып жаткан адам алардан канчанчы класс экенин сураганда "Биринчи класс, классташ болобуз" деп жооп беришкен. Арасынан бир бала байкесинен телефонго жөн эле тарта бербей, карызын төлөп коюусун суранган. "Тигил жактан 20 сомго дюшес алгам" деп окуучу тартып жаткан кишини күлкүгө салган. Колдонуучулар видеону талкууга алып көпчүлүгү баланын сөзү күлкү жаратканын билдиришсе, айрымдары "келечек муунга туура жол көрсөтүш керек" деген пикирлерин калтырышкан.

"Байке телефонго тартпа, баарыбыз мусулманбыз" деген окуучу бала күлкү жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Agayu
2020-02-27 12:51:47
Буну биз аябай талкуу кылбай эле , Мусулманчылыкты аралаштырбай эле , азыркы жаштар кыйын деп коелу.Себеби кой че деген биздин приколдорубузда да аралаштырып жатат.
+10
murat17
2020-02-27 16:55:31
Agayu,туура
+1
kechirmeni
2020-02-27 12:52:39
эмнени корсо ошону уйронот, куноо озубуздо
+12
Syimyk.isaev
2020-02-27 12:58:13
Болоор бала бо*унан дейт. Базар жок бала экен.
+5
Muslim.azamatovich
2020-02-27 13:09:43
Таттуулар р ийй аман болушсун!
+6
besha
2020-02-27 13:26:17
Тиги баладан бирдеме чыгат)))
+13
murat17
2020-02-27 16:56:16
besha,костюмчандан ээ
+1
Samatalibei
2020-02-27 13:27:51
Жаш балдарыбыз ар дайым ушунтип күлүп жүрүшсүн. Көңүлүндөрүндө кири жок жаман ойу жок жөжөлөр аман болушсун! Ата энелери көрүп калган болсо туура кабыл алышсын. Балдарда күнөө жок балакайлар жапа чегип калбаш керек!
+19
Dembele84
2020-02-27 14:04:14
Молодец балдар экен,баклашканын оозунан ичпей стаканга куюп ичип и камерачыга да сунушуптур
+8
Stervashka
2020-02-27 15:00:41
Карызды толоп коюнчу жыйырма сомду.... Ха ха. Молодец!
+8
modem4999
2020-02-27 15:09:00
Сонун балдар экен. Аман болушсун!
+4
maxburat
2020-02-27 16:27:58
КВН деги тамашоучулар бул балакайды табып команданарга кошуп алсанар болчудай.
+6
Maks_shop
2020-02-27 23:02:30

кругозор кучтуу
0
Aquarius84
2020-02-28 11:45:14
Шумдук бардар го,азаматтар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан