Буга чейин Ысык-Көл ОИИБинде чет элдик туристтерге байланышкан кылмыштардын өз учурунда бетин ачуу үчүн ыкчам топ түзүлгөн. ОИИБи кабарлагандай, акыркы аптада Ысык-Көл районунда бул топ атайын ыкчам иликтөөлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгы бир катар кылмыштардын бетин ачуу менен аяктады. 22-августтагы текшерүүдө эс алуучулардын буюмдарын уурдоо фактысын ачыкташты. Чолпон-Ата шаарынын 20 жаштагы тургуну Ш.Каныбек кармалып, 6 жолу уурулук кылганын моюнга алды. Ал көл жээгиндеги үйлөргө уурулукка кирип жүрүптүр. Далил буюмдар алынып, окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Мындан сырткары Корумду айылынын 27 жаштагы А.Дастан аттуу тургунун кармашты. Ал дагы көл жээгинде эс алып жаткан чет элдик туристтердин буюмдарына 3 жолу уурулук кылганын моюнга алды. Бул топ акыркы 2 күндө Ысык-Көл районунда 16 кылмыштын бетин ачса, анын 15и уурулук фактысы болду. Текшерүү иштери улантылууда.