АКШда сакалын кыра берип тажаган кыз өзүн кандай болсо, ошондой кабыл алууну чечкен

АКШнын Виржиния штатынын Фармвилл шаарында сакалчан кыз жашайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

23 жаштагы Кайопа Жейд Маржа гирсутизм (аял, балдарда түктөрдүн ашыкча чыгуусу) жана поликистоз (аялдын урук бездеринин ичи-тышын былжырлуу шишиктердин капташы) менен жабыркап келет. Аны классташтары шылдыңдай беришкенинен өмүр бою денесиндеги ашыкча түктөрдөн арыла албай күрөшүп келет. Денесиндеги түктөрү бат өскөндүктөн, жанына дайыма устараны алып жүрүп, күнүнө 2 ирет кырып турганга мажбур болгон. Айласы кеткенде ал жынысын өзгөртөм деп чыккан. Кийинчерээк интернет айдыңынан диагнозу окшош адамдар менен таанышып, баарлашып, өзүн кандай болсо ошондой кабыл алууну чечкен. Ошондон тартып ал түктөрүн кырууну токтоткон. "Мен адамдардын жалгыз эместигин жана гирсутизм же аялдык урук бездеринин поликистоз синдрому болсо эле сулуу болбой калбастыгын билишин каалайм", - деген Кайопа Жейд Маржа.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tolik777
2020-02-27 16:55:23
ЛГБТны пропаганда кылып атасынарбы?
-3
Mister-X
2020-02-27 17:43:25
Tolik777,Создун маанисин тушунбой эле, суротту коруп уруп койдун го ээ
+6
gitaris93
2020-02-27 19:45:32
Экинчи сүрөтү Мимозага окшоп калыптырго (супер кудалар)
+2
aerforce
2020-02-27 23:36:16
Ошол сакалыны мага берсе болмок
+4
aiba_00
2020-02-28 08:52:09
aerforce, Анын сакалын эмне кыласын.
+2
Paol
2020-02-28 10:43:12
Мужской гормон көп окшойт
+2
Center
2020-02-29 00:43:55
Неңди ошол сакал мага чыкпайбы ошондой кою болуп, эчкинин сакалындай болуп чычайган төрт-беш штук сакалдан тажадым йопты!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан