"Жин, шайтандарды коркутуп коюу үчүн". Индияда бир жаштагы баланы итке үйлөндүрүштү

Индияда бир жаштагы баланы итке үйлөндүрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып, сантал уруусунда ушундай ырым бар экенин белгилешкен.

Маалыматта жазылгандай, Индия элиндеги сантал уруусунда наристенин биринчи үстүңкү тиши чыкса ага жин, шайтандар кирип кетиши мүмкүн деген ишеним бар. Мындан улам жиндерди коркутуп, кетирип салуу үчүн итке үйлөндүрүү ырымы жасалат.

"Мындай учурда бала эр жеткенде кадимкидей эле үйлөнүп, үй-бүлө күтөт. Бул болгону ырым-жырым. Наристеге ата-энеси улуттук кийимдерди кийгизип, итти да кооздоп алардын үйлөнүү тоюн белгилешкен. Ага келген коноктор эми шайтандар, жиндер баланын тынчын албайт деп кубанып, бийлеп, көңүл ачышкан. Бул ырым-жырымдын жасалып жаткандагы видеосу 23-февралда тартылып, интернетке тараган", - деп жазылат маалыматта.

Индияда бир жаштагы бала итке үйлөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Islambek123
2020-02-27 17:55:42
Мее сага соз жок
+6
admiral
2020-02-27 21:27:33
Тупизм
+2
Belek1710
2020-02-28 01:17:20
Чонойгондо итке талак берип анан үйлөнсө керек, же эки аялга уруксат бар бекен)) Аялы экинчи никеси болуп калат экен да
-2
Gospozhatsetok
2020-02-28 08:30:42
Тообо, тообо ааламда эмнелер гана болбойт
+4
aiba_00
2020-02-28 08:55:58
Индиялар Аман эле болушсун бизде жакшы экен го молдолор дем салып коет.
+2
Nadia68
2020-02-28 12:39:30
Тооб кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан